«Asman Airlines» мамлекеттик авиакомпаниясы жакынкы 5 жыл ичинде Airbus A321 тибиндеги 8 учак сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, өнүгүү стратегиясынын алкагында буга чейин Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учакты сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган. Бул авиапарктын масштабдуу жаңылануусунун жана кеңейишинин биринчи этабы болуп саналат.
«2025-жылдын жыйынтыгы боюнча «Asman Airlines» 350 миң жүргүнчүнү тейлеп, 2 500 каттам аткарган. Компаниянын каржылык көрсөткүчтөрү өсүштү көрсөтүп, кирешелер пландаштырылган деңгээлден ашкан.
Бүгүнкү күндө авиакомпания өлкөдөгү бардык 11 аэропортко каттамдарды аткарууда. Авиапаркта 3 Dash Q400 учагы бар, жакын арада дагы бир учактын келиши күтүлүүдө.
Жаңы учактарды сатып алуу жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып, эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө шарт түзөт»,- деп айтылат маалыматта.