• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026
Screenshot

Сокулукта турак үйдөн өрт чыкты

15 Теке 202617:30 Бишкек Govori.TV

15-июлда Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпысынан үч өрт өчүрүүчү бөлүм жана штаб тартылды.

Мындан тышкары, саат 16:00дө кырсык болгон жерге ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Чолпонбек Боскунчиев баштаган ыкчам топ жана бир суу ташуучу унаа жөнөп кеткен.

«Учурда өрттү өчүрүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 7