• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

15-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды

15 Чын куран 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирустун жаңы 7 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте беш, Чүй облусунда эки жаран ооруга кабылды. Илдеттен эки жаран айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 55 бейтап, амбулатордук түрдө 37 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 306 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Количество просмотров: 129