• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

15-декабрь. Күндүн ыргагы… Акаевге акараат уюштургандардын абийири ачылды. Укугун билген жарандар милдетин да билиш керек! ГАИлерди шылдыңдоого жол жок.

15 Бештин айы 2017 17:24 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбековдун Ташкентке расмий иш сапар менен барганы баягы Москвага баргандай талкууга түшкөн жок. Баскан-турганына, кийген пальтосуна көнө түштүк окшойт. Бирок иш-сапардын жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев “сизди кыргыз эли гана эмес, биз дагы тандадык “-деди. Өзбек президентинин сөзун кандай түшүнсөк болот? Казакстан биздин ички саясатыбызга кийлигишип атат деп айытылып жатпады беле. Демек Өзбекстан президенти деле билгизбей, бирок кийлигишип жатыптыр да?  Кийлигипеш керек, бирок билгизбей кийлигишсе боло берет турбайбы анда?

 

Интернет  деген немеден түркүн түрдүү нерселерди көрөт эмеспизби. Эң көп талкуу жараткан видео эле милициялар менен жарандардын мушташы болот. Ырчысы деле, чоорчусу деле ГАИ менен милициянын мурдун канжалатаа чаап, чекесин айрый тээп, погондорун тытып, унаасынынын капотуна жабыштырып,  бир нече жерге чейин айдап кетет.  Эми андай болбойт. Башкача айтканда мындай кылууга жол берилбейт. Бул тууралуу талапты өкмөт башчы Сапар Исаков Жол коопсуздугун коргоо башкармалыгынын  жаңы жетекчисине койду.

Баарына себеп интернетке тараган  видео. Ал жерде  айдоочулар ГАИ кызматкерлерин какатып-чакатып, шылдыңдап жатышат.

Эми бул көрүнүшкө ким күнөөлүү. Ар бир айдоочуга тыйын таштап кет деп, тилемчи болуп, өзүнүн кадыр баркын тушүрүп алган жол коопсуздугун коргоочуларбы же аларга салык салып коюп жылуу бөлмөдө отурган жетекчилериби?  Балким айлыкты аз кылып, ГАИлерди ошого түртүп жаткан Сапар Исаковдун өкмөтү болуп жүрбөсүн?

Ал учурда Жол коопсуздугу башкармалыгынын жаңы формасы даяр болуптур. Мурда жашыл өпкө кап кийген ГАИ кызматкерлери, көчө шыпырып жүргөндөргө окшоп калчу. Эми мындай кийим кийип көчөгө чыкса сүрдүү да көрүнүп калчудай. Ошондо кылаарга иши жок жаштар шылдыңдап, эрмектебей калышаар. Эмнеси болсо дагы жол кырсыгы азайса болот эле.

Аскар Акаев Берлинде кабылган ыңгайыз окуя туурпалуу да кызуу талкуулар болду. Бирөөлөр жумшак мүнөз биринчи президентти аяса, айрымдар жумуртка ыргыткан адамды чокуга койгон Бермет Акаевага баа беришти, кээ бирөөлөр Аскар Акаевге сооп болот, азыркы бийлик башындагылар дагы ушуну көрүп ойлонуш керек дешүудө. Ал эми кээ бир жолдоштор бул окуяны дыкат иликтеп, чагымчыл аракетти ким уюштурганын, ким аткаруучу болгонун таап чыгышыптыр. Уюштуруучу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги деген маалымат тарады. Себеби ошол видеодо элчинин аялы, туугандары жүрөт. Аткаруучу ошол жакта иштеп жүргөн көлдүк жигит экен. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов жазып, видеосунан бери жарыялады. Бийлике кошомат кылам дегендер биздин дипломатиялык өкүлчүлугубүзду уят эле кылды дейт ал.

Акыйкатчы араң эле турат. Башкача айтканда Жогорку Кеңештин фракциясы, болгондо дагы ыргыткан ташы алыс түшүп жаткан социал-демократтар, Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин отчетун кабыл албай коюшту. Себеби башкы укук коргоочу отчетун кагазга жазып, айрым видеолорун диске жазып туруп, депутаттарга орун басарынан берип жиберген. Кубат Оторбаевдин мындай кадамына Рыскелди Момбеков ачууланып, жыйнала берсин, жакында кетиребиз деди. Орун басары ал ооруп атат деди эле, оорубай эле кафеде куран окутуп жүргөнүн көргөндөр бар экен. Ошентип жарандык коом, укук коргоочулар качантан бери арызданып, эч кандай майнап чыгара албай келишсе,  эми Акыйкатчыны депутаттар жыйналышка келбей койгону үчүн эле кызматтан алганы калышты.

Бир кезекте алдынкы маалымат каржаттарынын бири болгон 5- каналдын жетекчилери Евгения Бердникова менен Дмитрий Ложников кызматтан кетиптир. Эмнеге кетишти деген суроо туулат. Анткени 2010-жылы Мүлк министрлиги 5-кангалга директор кылып Кубатбек Талыповду алып барганда,  булар көгөрүп кетпей коюшкан. Жамаатты тукуруп, парламенттик кылууга да жол беришкен эмес. Эми телеканалды таштап салып басып кетип жатканы, балким ал жакта илинээрге эч нерсе калбай калгандыгына байланыштуу болуп жүрбөсүн?

 

Коопсуздук кеңешинин катчысы Жеңиш Раззаков экен деп жүрсөк, ал мурда эле кызматтан алыныптыр.  Атүгүл анын ордуна келген Алмазбек Курманалиев дагы арыз жазып, кеткенге кам уруптур. Коопсуздук кеңеши бул Маданият министрлиги эмес. Ошондуктан бул кызматка олуттуу караш керек эле. Себеби бири келип, бири кетип жатса өлкөнүн бүтүндүгүнө, элдин эпидемиологиялык,  санитардык, ветеринардык жана башка коопсуздуктарын ким карап жатат?

 

Ошентип 15-декабрь дагы өттү. Бүгүн караңгы кирээри менен Ала-Тоо аянтындагы негизги балатыга от жандырылат экен.

 

 

Количество просмотров: 47