• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

15-майда «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы уюштурулат

12 Бугу 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

15-майда Түркиядагы кыргызстандык жарандарды алып келүү үчүн «Стамбул-Бишкек» чартердик каттамы уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.

«Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттүк мекемелеринин ортосунда жетишилген макулдашуунун натыйжасында, 2020-жылдын 15-майында саат 03:10до «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясы менен «Стамбул-Бишкек» багыты боюнча Стамбул эл аралык аэропортунан чартердик аба каттамын ишке ашыруу пландаштырылууда. Авиабилеттердин сатылышы аэропортто тизмеге ылайык жүргүзүлөт. Билеттин баасы 187 еврону түзөт. Уруксат берилген жүктүн салмагы – 30 кг», — деп билдирет элчилик.

Элчиликтен белгилешкендей, Кыргызстандын жарандарын кайтаруу элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук тарабынан түзүлүп келе жаткан тизмелерге ылайык жүргүзүлөт (тизмелер буга чейин элчилик жана Башкы консулдук тарабынан расмий сайттарга коюлган). Бул каттам менен биринчи кезекте дарылануу үчүн келгендерди, балалуу аялдарды, улгайган адамдарды, хронологиялык тартипке ылайык элчилик жана Башкы консулдукка расмий түрдө кайрылган кыргызстандык жарандарды алып кетүү пландалууда.

Ошол эле учурда, урматтуу тизмедеги жарандар, уруксат алуу процессин тездетүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына — Каймакамлыкка, Стамбулга барууга уруксат алуу үчүн жеткире турган унаанын номери жана унаанын айдоочусу тууралуу маалыматты камтыган арыз менен кайрылууну сунуштайбыз (бул маалыматты элчиликтин [email protected] жана Башкы консулдуктун [email protected] электрондук почталарына дагы жашаган провинцияларына ылайык тез арада жөнөтүү керек. Стамбул, Анталья, Бурса, Измир, Маниса, Балыкесир, Чанаккале, Билежик, Кожаэли, Сакарья, Текирдаг, Кыркларели, Эдирне, Ялова провинцияларында жашаган жарандар аталган маалыматты Башкы консулдукка жиберүүсү зарыл, ал эми калган провинциялардагы жарандар Элчилике жөнөтүүсү керек).

Элчилик Стамбул эл аралык аэропортуна учактын учушунан 5 саат мурун келүү керектигин эскертет.

Количество просмотров: 61