Кыргызгидрометеорология агенттигинин маалыматына караганда, 15-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 15-сентябрда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 24…26 градус жогору болот.