Бишкек.14.01.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда 15-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр аралаш кар жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7,
Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,
Нарын аймагында түнкүсүн -21…-26, күндүз -10…-15,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкек шаарында асманды булут каптайт. Жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 4…6 градус болот.