• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

15-январдан тарта жол кире кымбаттайт

13 Үчтүн айы 2024 13:09 Бишкек Govori.TV

15-январдан тарта Бишкек шаарында коомдук транспортто жаңы тарифтер күчүнө кирет. Мындай чечим шаардык кеңеш тарабынан 27-декабрда кабыл алынган.

«Тулпар» картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси 17 сом болот, ал эми нак акчанын тарифи 20 сомду түзөт. Эгер жаран MegaPay сервиси аркылуу төлөсө жол кире болгону 11 сом.

Жеке автобустар менен кичи автобустарда тариф 20 сом деп белгиленген.

Теги:
Количество просмотров: 740