• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Тулпар» бүгүн неге иштебей калды?

23 Тогуздун айы 202412:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкектин автобустарында «Тулпар» картасы иштебей, жол кире төлөөгө мүмкүн болбой жатканын жүргүнчүлөр айтып жатышты.

«Тулпардын» операциялык иштер боюнча директору Бекжан Акматбековдун жергиликтүү сайтка берген маалыматына караганда, түндө системанын ишин жакшыртуу иштери жүргүзүлгөн. Балким ушундан улам «Тулпар» жакшы иштебей калышы мүмкүн дейт ал.

2024-жылдын 9 айынын ичинде накталай эмес төлөм менен коомдук транспортто жол кире төлөө 72 миллион сомго чыгып, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн үч эсе ашык болгон. Мындай өсүш чоң автобустардын келишине жана QR код менен жол кире төлөөнүн популярдуулугуна байланыштуу дешет.

Количество просмотров: 213