• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол киренин кымбатташына элдин пикири кандай?

10 Тогуздун айы 202411:52 Бишкек Govori.TV

Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөндөргө жол кирени көтөрүү сунушу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарына маалымат берген.

Ал коомдук транспорттун айдоочулары накталай төлөнгөн жол кирени өздөрүнө алып калып жаткандыктан ушундай демилге көтөрүлгөнүн айтты.

“Биринчиден, накталай эмес төлөмдүн көлөмүн көбөйтөлү деп жатабыз. Акча айдоочулардын сол чөнтөгүнө кетип жаткандыктан накталай төлөм болгондо айдоочуларга план коюлат. Алар планды толтуруш үчүн автобусту катуу айдап атышат. Эл аралык тажрыйбаны карасак деле накталай төлөмдөр 100-200% жогору болот экен. Ошондо эл карта менен төлөй баштайт”, — деди ал.

Бишкектеги коомдук транспортто жол кирени 40 сомго көтөрүү боюнча Govori.TV көчөдө атайын сурамжылоо жүргүздү.

Количество просмотров: 126