Бишкек шаарынын Айни көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн 6-кабатынан өспүрүм кыз секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, жерине 5 куткаруучу жана милициянын бир экипажы тартылган. Өспүрүм кызды куткаруучулар түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
«15 жаштагы С.А. аттуу кыздын абалы жакшы»,-деп айтылат маалыматта.