• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

15 жаштагы кыз «зордукталып өлтүрүлгөн» айылга полициянын атайы күчтөрү тартылды

1 Баш оона 2022 11:18 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 15 жаштагы кызды зордуктоого жана өлтүрүүгө шектелип жаткан адамды «сотсуз жазалоого» жол бербөө үчүн Жетысу облусундагы Шолакай айылына полициянын атайын даярдыктагы күчтөрү тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү «Время» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, күч түзүм кызматкерлери шектүүнүн үйүн жана айылдын кире беришин күзөтүүдө.

«Азаттыктын» казак кызматы айылда интернет өчүрүлгөнүн кабарлады. Тургундардын айтымында, шектүү уйгур улутунан, жабырлануучу тарап казактар.

15 жаштагы мектеп окуучусу Куралай Кисабекованын жоголгону тууралуу билдирүү 21-июль күнү кечинде пайда болуп, издөө иштерине полиция кызматкерлери менен айыл тургундары тартылган. Кыздын сөөгү айылдын четинен табылган.

29-июлда полиция мектеп окуучусун зордуктоого жана өлтүрүүгө шектүүнү кармаган. «Время» басылмасынын маалыматына караганда, 38 жаштагы жергиликтүү тургун кызды зордуктаганын жана өлтүргөнүн мойнуна алды. Тергөөнүн кабарлашынча, шектүү кыздын сөөгүн өрттөп, айылдын четине барып көмүп салган.

Количество просмотров: 293