Облустук милициянын маалыматы боюнча, 2025-жылдын 27-декабрь күнү Балыкчы ШИИБге Балыкчы шаарынын тургуну, 1992-жылы туулган К.Н. арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Балыкчы шаарындагы «Грин Сити» көл жээгинде 2010-жылы туулган кызына белгисиз бала анын эркине каршы күч колдонуп, жыныстык катнашка барууга ыплас аракеттерди жасаганын билдирген. Ошондой эле шектүү жаран коркутуп, «Redmi» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жерге чаап, сындырып салгандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган факт Балыкчы ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Ал эми 2025-жылдын 30-декабрында милицияга Тоң районунун тургуну, 1977-жылы туулган Р.Б. арыз менен кайрылган. Ал 2025-жылдын 12-декабрында «Лалафо» тиркемеси аркылуу 2001-жылы туулган Ө.К. аттуу жаранды 30 баш арашан тукумундагы кой багуу үчүн жумушка алганын билдирген. Бирок 2025-жылдын 28-декабрында аталган жаран койлорду белгисиз тарапка алып кеткендиги маалым болгон. Келтирилген материалдык чыгым 15 000 АКШ долларын же 1 320 000 сомду түзгөн.
Бул факт Тоң РИИБдин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон.
2026-жылдын 6-февралында Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарга шектүү жаран аныкталып, кармалган. Ал Балыкчы шаарынын тургуну, 2001-жылы туулган Ө.К. болуп чыккан. Алдын ала сурак учурунда шектүү өз күнөөсүн мойнуна алган. Балыкчы шаардык соту тарабынан ага карата 2 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.