Кыргызстанда өзгөчө кооптуу синтетикалык баңгизаттарды туруктуу түрдө ташып келүү жана сатуу каналын уюштурган эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, атайын операциянын алкагында кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон Кыргызстандын үч жараны — 1999-жылы туулган Ю.С.Б., 1999-жылы туулган Б.У.А. жана 2008-жылы туулган М.А.О. кармалган.
Алардын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда болжол менен 2 кг 405 грамм синтетикалык зат табылган. Мындан тышкары, баңгизат көмүлгөн 60тан ашык жашыруун жай аныкталып, андан 3 кг 335 грамм зат казып алынган.
Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 5 кг 740 грамм синтетикалык баңгизат алынды.
Адистердин эсебинде, бул көлөм 20-25 миң бир жолку дозага барабар. Ал эми анын көмүскө базардагы чекене баасы 30 млн сомдон ашат.
Белгиленгендей, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана баңгизат жеткирүүнүн кошумча жолдорун аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.