• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн жарандын иши сотко жөнөтүлдү

24 Бугу 2022 18:26 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунда 15 жаштагы кызга ыплас иш-аракет жасаган жарандын иши боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында бүгүн, 24-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиршкен.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын март айында Москва РИИБине өспүрүмгө карата ыплас иш-аракет болгондугу туурасында билдирүү түшкөн. Тагыраагы, дүкөнгө кирген киши 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөнү айтылган. Өспүрүм кыздын жакындарынын арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 158-берене (ыплас иш-аракеттер) менен каттоого алынган.

“Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1987-жылы туулган К.С. кармалып, Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы тандалган. Аталган окуя боюнча тергөө иштери Москва РИИБи тарабынан апрель айынын соңуна чейин жүргүзүлүп, 29-апрелден баштап Москва райондук прокуратурасы уланткан. Учурда тергөө иштери аяктап, топтолгон материалдар андан аркы териштирүү үчүн сотко жөнөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Чүйдүн Петровка айылында дүкөнгө кирген кардар сатуучу кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланган.

Количество просмотров: 112