• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Унаанын ичинде ур-токмокко кабылган жаш кыздын окуясы териштирилүүдө (видео)

28 Теке 2022 11:40 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар унаада отурган кызды сабап жаткан учур тартылган видео тарады. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар аны акча алып кетип калгандыктан сабашкан.

Видеодо кыз камера артында турган адамдардан 10 миң сом алып Расулга которгонун айтат. Ал эми сабап жаткандар уруксат сурабай, акчанын баарын алып качып кеткенин айтканын угууга болот.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы видео боюнча териштирүү жүргүзүп жатканын билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя боюнча териштирүү иштери үч күндөн бери жүрүүдө.

«Шектүүлөрдүн бири буга чейин үч жолу соттолгон, Ноокат районунун тургуну», — деп билдирди РИИБ.

Учурда кыз кайда экени так аныктала элек экени кошумчаланды.

Количество просмотров: 143