• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ошто 63 жаштагы киши зордуктаган өспүрүм кыз көз жарды

12 Кулжа 2021 0:06 Бишкек Govori.TV

Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз көз жарды.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу экенин аны апасы үч айдан кийин ооруканага алып барганда билинген.

Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалган. Сот аны 22-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 690