• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды

9 Баш оона 2022 10:50 Бишкек Govori.TV

Өспүрүм кызды зордуктоого шектелип “Алтын Казына” кафесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне арыз менен 1964-жылы туулган У.Ж. кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында белгисиз адамдар 2005-жылы туулган О.А. аттуу кызынын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган арыз Аламүдүн РИИБне катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иши жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын жагдайы боюнча бардык адамдар такталып, алар суракка алынып көргөзмөлөрүн беришкен. Тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен ушул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш ишинин жүрүшү Чүй ОИИББнын башчылыгы тарабынан көзөмөлгө алынды, жана башчылык тарабынан окуянын жагдайы боюнча тыкыр изилдөө жүргүзүлүп, күнөлүү адамдарга мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылды.

Чүйдө “Алтын Казына” кафесинин кызматкерлери топтошуп өспүрүм кызды зордуктагандыгын кыздын жакындары социалдык тармактарга жазып чыккан.

Количество просмотров: 1426