Бүгүн, 9-апрелде ЖКнын жыйынында парламент төрагасы кесиптеши депутат Бактыбек Сыдыковдун билдирүүсунөн кийин ага кыскача кеңеш берип, соцтармактагы айтылган сын, кептерге жооп берүүнүн кажети жок экенин айтты.
Бүгүн депутат Бактыбек Сыдыков негизги трибунага сөз алып, 8-апрелде тармактык комитеттин жыйынында майыптыгы бар балдардын көбөйүп жатканы тууралуу айткан пикири тууралуу түшүндүрмө берген. Депутат күн мурунку сөзү соцтармактарда катуу талкууланып, аны «фашист» деп атап, Гитлер менен катар коюшканын белгилеп, бирок андай пикир ээлери маселенин маанисин түшүнбөй калышканын айтты.
«Эң башкы маселе эмнеде? Медицинада башкы принцип бар – ооруну дарылагандан көрө, алдын алган жакшы. Бүгүнкү күндө бул постулат мурдагыдан да актуалдуу. Жыл сайын жаңы оорулар пайда болуп, аларды дарылоо барган сайын кыйын жана кымбат болуп баратканына күбө болуп жатабыз, өзгөчө балдарды жабыркатып, үйбүлө үчүн гана эмес, коом жана мамлекет үчүн да трагедияга айланган генетикалык, тукум куучу оорулар», — деди ал.