1500дөн ашуун мектепте окуу жандандырылды (тизме)
8 Бештин айы 20209:44 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда дагы 1843 мектепте реалдуу режимде окутуу жандандырыды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Министрлик тизме түзүлөрдө ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынганын билдирди.
Анын ичинен:
- 401 мектепте 1-класстар;
- 610 мектепте 1-11-класстар;
- 107 мектепте 1, 11-класстар;
- 30 мектепте 1-4-класстар;
- 12 мектепте 1-6-класстар;
- 12 мектепте 1-9-класстар;
- 9 мектепте 1, 5, 9-класстар;
- 21 мектепте 1, 9, 11-класстар;
- 89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар;
- 183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар;
- 73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар;
- 294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар;
- 3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар окуп жатышат.
Ушул жылдын 11-ноябрынан тарта 1489 мектепте 1-6-9-11-класстар салттуу түрдө окуй башташкан. Учурда жалпы 2152 мектепте окуу улантылууда.
Облустар боюнча бөлүнгөн кененирээк маалыматты төмөндөгү таблицадан ала аласыз.
Маалымат 2020-жылдын 7-декабрына карата актуалдуу (таблица)
Подписаться:
Количество просмотров: 361