• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Министр 12 жылдык окууга алынат делген гранттар боюнча комментарий берди

11 Жалган куран 202516:19 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева маалымат жыйын учурунда сүйлөп жатып 12 жылдык окууга алынып жатат делген гранттар боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, командада бир дагы чет элдик же эл аралык эксперт жок, бир дагы грант жок.

«Биз биринчи жолу реформаны гранттык каражаттарды тартпай эле өзүбүз жүргүзүп жатабыз. Окуу китептерин басып чыгаруу толугу менен мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Эл аралык эксперттер жок. Элим өзүн өзү камсыздайт, эксперттик потенциал жетиштүү. Биздин артыбызда кандайдыр бир грант бергендер турат деген кептер калп”, — дейт Кендирбаева.

Министр ошондой эле, ар бир реформанын колдоочулары, байкоочулары жана каршылаштары боло турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 283