• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

16-майда күтүлгөн аба ырайы

15 Бугу 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча эртең, 16-майда түнкүсүн жана күндүз Нарын, Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында жаан жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26,

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.

Количество просмотров: 2549