• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

16 млн сомдук декларацияланбаган кийимдер аныкталды

25 Жетинин айы 201914:31 Бишкек Govori.TV

 «Түндүк-Чыгыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунда мыйзамсыз ташылып жана декларацияланбаган кийимдер аныкталды. Кийимдердин жалпы салмагы 20 406 килограмм болгону тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Товардын орточо базар баасы 16 млн 398 миң 735 сомду түздү.

«Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 347