• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Кыйын: Баланы ким тарбиялайт?

30 Кулжа 202616:06 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Баланы ким тарбиялайт?» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Угулхан Хужаева — жергиликтүү кеңештин депутаты, “Нур периште” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору;
  • Нуржамал Арапбаева — Жаңы-Алай айылдык кеңешинин депутаты, № 42 Самат Ашимов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин директору;
  • Айнура Чокоева — Алай районундагы №7 Сары Молдокулов атындагы жалпы билим берүү мекемесинин директору, Гүлчө шаардык кеңешинин депутаты.
Количество просмотров: 11