Бишкек. 08.01.18. Govori.ТV
Адилет министрлиги 16 жашка жашы жеткен балдарга атасынын же энесинин макулдугу жок эле паспорт алууга мүмкүнчүлүк берүү керек деп эсептейт. «Кыргыз республикасынын тышкы миграция тууралуу мыйзамына» өзгөртүү киргизүүгө сунушталган документ өкмөттүн сайтына жайгаштырылып, коомчулуктун талкуусуна коюлан.
Ага ылайык, 16 жашка чыккан баланын ата –энеси ажырашып атасы же энесинин жашаган жери белгисиз болсо, ага ата –энесинин бирөөсүнүн макулдугу жок эле паспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
«Учурда ажырашып, бири бири менен байланышын үзүп койгон үй бүлөлөрундө мындай көйгөйдөр көп жаралууда», — деп жазылат маалымкат негиздемеде.
Адилет министрлигинин айтымында мындай берене балдардын сыртка чыгуусунда колдонулбайт.
«16 жашка чыга элек балдар Кыргызстандын аймагынан мурункудай эле ата –энесинин экөөнүң тең макулдугу менен чыга алат», — деп билдирет министрлик.