• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Аламүдүндө 51 млн сомдук жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнө кайтарылды

14 Бугу 2024 11:42 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салган ченемдик-укуктук актылардын аткарылышына текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, жер үлүшүнө укугу бар жарандардын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргызстандын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу, кезектүүлүк тартибинде КР өкмөтү тарабынан аныкталган өлчөмдө жер тилкелери берилери аныкталган.

Бирок, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылдагы, 2001-жылдагы токтомдору менен жер үлүшүн алган жарандардын тизмеси бекитилгендигине карабастан, системалык каттоо учурунда Маевка айыл аймагындагы 11,2 га айыл чарба багытындагы сугат айдоо жери экинчи ирет Б.Т., А.К. жана Ш.К. аттуу жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке менчигине мыйзамсыз катталып кеткен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде 51 млн 615 миң 400 сомду түзгөн 11,2 га жер тилкеси Маевка айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылды.

Теги:
Количество просмотров: 65