• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

16 жаштагы өспүрүм курулуп жаткан имараттын 13-кабатынан кулап каза тапты

8 Тогуздун айы 202414:59 Бишкек Govori.TV

Ош шаарында үч бала курулушта иштеп жатып, алардын бирөө 13-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди.

4-октябрда курулуш жүрүп жаткан Шамшиев көчөсүндөгү “ARTWIN” курулуш компаниясына Өзгөн районунун 17-16 жаштагы үч тургуну келип, жумуш сурашкан. Алар өздөрүн 18 жашта экенин айтышкан. Аларды курулуш болуп жаткан аймактын таштандыларын тазалаш үчүн ишке алышкан. 5-октябрда 16 жаштагы бала 13-кабатка чыгып кулап кеткен. Бала ошол жерден каза тапкан.

Каза болгон бала достору менен бирге Ош мамлекеттик университетинин колледжинде окушчу.
16 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин тергөө органдары бардык керектүү экспертизаларды дайындап, коопсуздук чараларынын сакталышын текшерүүгө киришти.

Бардык жооптуу адамдардын ишине юридикалык баа берилет.

Количество просмотров: 544