Бүгүн, 7-апрелге карата Кыргызстандын аймагында дагы 161 адам коронавирус жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
— Бишкек шаарында 97 адам;
— Ош шаарында 6 адам;
— Чүй облусунда 46 адам;
— Талас облусунда 3 адам;
— Нарын облусунда 1 адам;
— Ысык-Көл облусунда 7 адам;
— Жалал-Абад облусунда 1 адам.
Өлкөдө жалпы 89 438 адамга коронавирус жуккан.
Ошол эле учурда 108 адам COVID-19 илдетинен сакайып, ооруканалардан бүгүн, 7-апрелге караган суткада чыгарылды.
Алар:
— Бишкек шаарында 67 адам;
— Чүй облусунда 32 адам;
— Нарын облусунда 2 адам;
— Ысык-Көл облусунда 4 адам;
— Жалал-Абад облусунда 2 адам;
— Баткен облусунда 1 адам.
Республика аймагнда жалпы 85 496 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланды.