Бишкекте 24-июлда автобуста бараткан чет элдик жаран каза болгон. Бул маалыматты Ленин райондук милициянын басма сөз кызматы ырастады.
Маалыматка караганда, №166 автобус Чүй проспектиси менен чыгышты көздөй баратып, Үмөталиев көчөсүнө жеткенде 55-60 жаштагы жаран өзүн жаман сезген. Автобустун айдоочусу тез жардам чакырган. Тилекке каршы жүргүнчү дарыгерлер келгенге чейин каза болуп калган.
Бул окуя тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаган.
Милиция билдиргендей, маркум 54 жаштагы С.М. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган. Анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык эспертиза дайындалган.
Учурда тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.