• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

17-апрелде күтүлгөн аба ырайы

16 Чын куран 2024 14:41 Бишкек Govori.TV

17-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 18…20° жылыйт.

Количество просмотров: 568