• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

17-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

16 Чын куран 2020 17:54 Бишкек Govori.TV

Эртең, 17-апрелде түнкүсүн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз айрым райондордо жаан, тоолордо кар жаашы мүмкүн, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:Чүй облусунда
түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19

Талас облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +13…+18

Баткен облусунда
түнкүсүн +2…+7
күндүз +18…+23

Ош жана Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +2…+7
күндүз +17…+22

Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -2…+3
күндүз +11…+16

Нарын облусунда
түнкүсүн -4…+1
күндүз +9…+14

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5 градус, күндүз +17…+19 градус болот.

Количество просмотров: 327