• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

17-февралда күтүлгөн аба ырайы

16 Бирдин айы 2022 14:59 Бишкек Govori.TV

17-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…+1 градус болот.

Количество просмотров: 49