• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

17-сентябрга күтүлгөн аба-ырайы тууралуу маалымат

16 Аяк оона 2018 22:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.09.2018. Govori.TV
Кыргызгидрометеорология агенттиги кабарлагандай, 17-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлерине жаан жаайт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз да өлкөдө жамгыр болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градуска чейин көтөрүлөт.
17-сентябрда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус жогору болот.
Количество просмотров: 25