• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

17-январь. Күндүн ыргагы… Пенсиянын суммасын укканда кулагың кызарат…

17 Үчтүн айы 2018 20:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.01.20018.  Govori.Tv

Аймактардын абалын Президент жакшы билет

 

Бүгүн, өлкөнүн жетекчилери тагыраагы Президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен Өкмөт башчы Сапар Исаковду кабыл алып, “2018-жыл-аймактарды өнүктүрүү жылы”  деп жарыялаган жардыгын негизинде ой бөлүштү.

“Мен аймактарды көп кыдыргамын, облустун башчысы болгом. Андыктан, аймактардын мүмкүнчүлүктөрү менен талаптарын жакшы билем. Аймактардагы жергиликтүү  калк менен жолугушканда баардыгы орчундуу маселе катары-таза суунун жоктугун, сугат системасынын иштен чыкканын, социалдык обьектилер-мектеп, оорукана, бала бакчалардын жетишсиздигин, жолдордун сапатсыздыгын,  жеткиликтүү эмес кызмат көрсөтүүлөр тууралуу айтышат. Биз бул маселелерди бюджетти туура жана түз бөлүштүрүүү менен комплекстүү чечишибиз керек”,-деди ал.

Аны менен катар Өкмөт башчысын насыялар менен гранттык каражаттарды, инвестицияларды аймактарга туура бөлүштүрүүнү, иштин маңызын чыгарууга көзөмөлдү бекем салууну тапшырды. Кудай буюрса, быйыл аймактарга каржылоо күчөтүлүп, элеттин эли жашоосун тыңдап алат деген ишеничте болуп туралы.

Эң аз пенсияны уккандан кулак уялат…

 

 

Кыргызстанда эң аз пенсиянын көлөмү 1800 сом экен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги жыйында Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжалиев билдирди.  Анын айтымында, бул пенсия иш стажысы белгиленген мөөнөткө жетпей калган адамдарга чегерилген. Бул эми айласыздыктын оокаты да, болбосо, бүгүн бул пенсия менен бир адам бир ай чыдап жашоого мүмкүн эмес. Бир кап ун алсаң, электр жарыгын төлөсөң, бүттү…

“Жалпысынан, кыргызстан боюнча 630 миң пенсионер бар, жыл сайын 10-20 миң пенсия алуучу катарга кошулат. Албетте, алардын баары эле жеткиликтүү пенсия ала алышпайт. Мисалы, мугалимдер менен дарыгерлердин пенсиясы 3-3, 5 миң сомдон башталат. Ал эми  эч жерде иштеген, эмгек стажысы жок карыган адамдарга социалдык жөлөк пул берип жатабыз”,-деди соцфонддун төрагасы.

Экс-президент “эстраданы” жандантты

Бүгүн, кыргызстандыктар экс-президентибиз Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстаным” ырынын жаңы клибине күбө болушту Бул клиптин негизги идеясын болсо эч кандай клипмейкер, режиссерлор эмес Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов алдыга чыгарыптыр. Негизинде, аталган ыр лирикалык болгону менен, жаңы интерпретацияда «Кыргызстаным» — марш жанрында жарыкка чыккан. Ооба, президенттин ырларынын ичинен дал ушул ыр өзгөчө популярдуу болуп, муну биздин эле эмес, өзбек, азербайжан ырчылары да ырдоого жетишишти.

“Кырк кадамга” дагы бир колдоочу

Өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Озонния Ожиелону кабыл алып, аталган уюм менен Өкмөттүн ишмердигин улантуу жаатында маек курду. Ал маектешине Кыргызстанда эки тарап биргелешип жасап жаткан иштер өз жемишин берип жатканын айтып, өнөктөштүктү улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Ал эми БУУнун өкүлү да кыргыз өкмөтүнүн амбициялуу долоору “Жаңы доорго кырк кадам” программасын колдоого алаарына айтып, аталган долбоор өлкө үчүн чоң өзгөрүүгө алып келээрине ишене турганын айтты. Демек, жакын арада БУУнун бул тармагы аркылуу кырк кадамдын бири “кыймылдап”, иш жүзүнө аша баштайт көрүнөт. Болсун дейли, кырк кадам тең ишке эрте ашып кетсе кана, атаганат…

Кайыповдун кайран тил

Бүгүн Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда КРнын Юстиция министринин орун басары Равшан Абдуллаев Жогорку Кеңештин жоон топ депутатынан тил укту. Көрсө, “итчилик” өзүнөн кетиптир. парламентте каралып жаткан маселе боюнча баяндамасын орус тилинде божурап, андан кийин суроолорго да орус тилинде жооп берип, кыргыз тилинде жакшы түшүнбөй койгон экен, эл өкүлдөрүнүн кыжыры кайнап, буркан-шаркан түшүштү. «Илгери Юстиция министрлигине Марат Кайыпов келгенде министрликтин аталышын Адилет министрлиги деп өзгөртүп, иш кагаздарын 100 пайыз кыргыз тилине өткөргөн. Азыр 100 пайыз расмий тилде. Министр өзү кыргызча кыйналып сүйлөсө, орун басары онтоп сүйлөйт», — деди депутат Рыскелди Момбеков.

Чындап эле  Юстиция министри Уран Ахмедов да кыргызчаны эжелеп окуп, орусча оозуңан сөз талашат эмеспи. Уят да, жок дегенде бирөөнү айылдан келген тири карак жаштардан дайындабаса болбойт да. Кыргыз тилде мыйзамдарды чаккан далай кыз-жигит жумуш таппай жүрбөйбү…

Шайыр жеңе келиңиз, бизге сүйлөп бериңиз…

Улуттук каналдагы «Кыз-жигит Сармерден» долбооруна шайыр жеңелик кылуу үчүн конкурс жарыяланды. Муну долбоордун  автору,  теле режиссер Сагын Ниязалиева билдирген. “Шайыр жеңе-аты айтып тургандай эле. кыргыз тилин куюлуштура сүйлөй билген, комузда кол ойнотуп а жибере турган, шайыр мүнөз, юмору күчтүү, эрке баланын “эсин оодарган” сөзмөр болушу шарт”,-дейт ал.

Ооба, долбоордогу мурдагы шайыр жеңе Гүлбү Орозкул кызы былтыр оорудан улам көз жумган. Ошентсе да, ырым кармабай, коркпой, эл журттан бата алып, шайыр жеңеликке күчтүү айымдардын бирөөсү келиши керек. Эл журт күтүп көргөн долбоорду сагындык…

 

Количество просмотров: 31