• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

17 жаштагы Бекназ дүйнөдөгү жаш футболчулардын рейтингине кирди

30 Аяк оона 2022 11:41 Бишкек Govori.TV

The Guardian гезити дүйнөдөгү 2005-жылкы 60 мыкты футболчунун рейтингин жарыялады.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, рейтинге Кыргызстандын улуттук курама командасынын 17 жаштагы футболчусу Бекназ Алмазбеков кирди. Учурда Алмазбеков Түркиянын “Галатасарай” командасында ойнойт.

Кыргызстандык футболчу 2020-жылдын март айында Азия футбол конфедерациясы тарабынан жарыяланган Борбор Азиянын мыкты жети футболчусунун катарын толуктаган.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-июнунда Кыргызстандын курамасы Азия кубогунун тандоо турунун алкагында Мьянманын командасы менен оюн өткөргөн. Анда Бекназ Алмазбеков алгачкы жолу улуттук курамда ойной баштаган.

Ал эми “Галатасарай” командасында (U-19) Алмазбеков быйылкы сезондо үч оюнда төрт гол киргизгенге жетишкен.

Количество просмотров: 197