Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) дүйнөлүк рейтингинде 1-орунду сактап калды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.
Тыныбекова Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында 62 кг салмак категориясында Япониялык Юкако Каваиден жеңилип, 2-орунду ээлеген. Ошентсе да ал рейтингде өзүнүн биринчи орунун сактап кала алган.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш медаль тагынып, аталган рейтингде 2-орунга көтөрүлдү. Биринчи орунду Махмудовду жеңген Венгриялык балбан Тамаш Лёринц ээлейт.
Ошондой эле Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болгон Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки категорияда 3-орунду сактап калды.
Айпери Медет кызы 76 кг салмакка чейинки категорияда 5-орунда турат.