Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан дүйнөлүк рейтингде 5-орунду ээлеп, алгачкы бештиктин катарына кошулду.
Кыргызстандын капчыгында жалпы 6 медаль бар, алардын экөө алтын, экөөсү күмүш жана экөөсү коло байге.
Эскерте кетсек балбан Жоламан Шаршенбековдун күмүш байгеси кыргызстандык балбандардын Ослодогу Дүйнө чемпионатында уткан алтынчы медалы. Буга чейин балбан кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айсулуу Тыныбекова алтын, Айпери Медет кызы коло, эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) күмүш жана Алибек Осмонов коло байге (65 кг) тагынган.