Эртең, 18-августта өлкө аймагынын тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Нарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында түнкүсүн +15…+17, күндүз +29…+31 градус болот.