• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

18-декабрь. Күндүн ыргагы… Кара мышык болобу, ак мышык болобу, чычкан кармаса болот эле

18 Бештин айы 2017 18:57 Бишкек Govori.TV

Эркелээриң жок болсо, эмшеңдеп ыйлап не пайда

Миграция, мигранттар тууралуу айтылып эле келатат, жазылып, алардын жашоо турмуш канча жолу теледен көргөзүлдү. Бирөө чет жактан баарын таап, байып, жыргап жатса, айрымдар жакшы жашоону ал жактан да таппай, карызга белчесинен батып, тентип кеткен. Кыргыздын мигрант жаштары дегенде эле баягы тирүүлөй өрттөнүп кеткен 19 кыз-келин эске түшөт. Андан башка канча мекендештердин сөөгү келип жатат, айрымдары ата-бабасы тааныбаган элде, чоочун жердин топурагын жазданып калышууда. Орусияда, Түркияда, Дубайда жана башка өлкөлөрдө кор болгон кыргыз кыздары өзүнчө бир тема.

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков түшүнөн чочугансып эле ошол мигранттарды эстеп калды. Алардын чыдамкайлыгына баа берип, эмгегине ырахмат айтты. Кыргызстанды өнүктүрөм, инвестиция кылам деген жаштар чыгып жатканын айтты. Мигранттар Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатканын дагы баса белгиледи.

Албетте президенттин мигранттарды эстеп жатканы жакшы. Бирок эстеп, аларга кайрылуу жасап койгон менен эле маселе чечилип калбашын өзү деле жакшы билсе керек. Миграция маселесин чечиш үчүн антиш керек, мынтиш керек деп атып, өкмөттө бир килейген министрлик, парламентте бир комитет тузүлдү эле. Айлык алчулардын штаты эле көбөйбөсө, эч нерсе чечилген жок.  Мигранттар баягы көйгөйлөрү менен өзүлөрү эле жалгыз келатат.

 

Кара мышык болобу, ак мышык болобу, чыкан кармаса болот эле.

Чын эле ошондой бу же сезилип жатабы? ГАИни реформалаган сайын жол кырсыгы көбөйгөндөй. Патрулдук милиция болсо эле баары сонун болуп калат деп ураалап жатышты эле, баары тескерисинче болду. Эми Патрулдук милиция жоюлуп, Жол коопсуздугун сактоо башкармалыгы түзүлдү.Өкмөт башчы Сапар Исаков эми баары сонун болот деген. Качан башталат белгисиз. Ал реформалар ишке ашканча, айдоочулар милициялардын өзүлөрүн  сүзүп, тебелеп-тепсеп, телефонго тартып шылдыңдап атышат. Кечээ үлпөт тойдун унаалары жол эрежесин бузуп, милицияга токтомок түгүл аны тебелеп, качып кеткен. Үлпөт тойдун башка унаалары аркылуу качып кеткен айдоочу табылды. Ал 19 жаштагы студент экен. Келечекте юрист болом деген боз улан, мындан мурда 11 жолу жол эрежесин бузуп, жоопко тартылган.

//govori.tv/?p=2608

 

Бул иш кечээ  болду. Бүгүн милициялардын атайын унаасын 23 жаштагы бала  артынан келип  сүзүп салды. Ичинде кызматын өтөп жүргөн милициялардын бирөө жабыркап, тез жардамга кайрылган.

Мурда жол кырсыктарынын азабын карапайым эл тартып келсе, эми ал балээ ГАИ менен милициянын өз башына келди.  Бул ишти министр Улан Исраилов жеке көзөмөлүнө алаары айтылууда.

Жолдогу кырдаал минтип жатса, өткөндө  “гаишниктерди” шылдыңдап, өкмөт башчынын каарына калган активистер Сапар Исаковго видео жооп кайтарышыптыр. Жаштардын бул кылыгы көпчүлүкө жаккан жок. Алар канчалык милицияларды мыйзамга чакыралы дегенбиз дегени менен коомчулук аларды жактыра бербей, эгер авторитардык өлкө болгондо буларды камап же атып эле салмак дешүүдө.

 

Сүйүнчүңө сүйрү …

Бишкек шаарындагы “Жасмин” деген кафенин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды.  Милициянын маалыматында ымыркай суукта тоңуп калган. Баланын апасы изделүүдө. Баягы баласын ичке тепти, эки аял алып алды деп чуру-чуу болуп жаткандардын, бул жолу бири жок.

Так ушундай нерселер болбош үчүн парламентте “Сүйүнчү” деген мыйзам  иштелип чыгып, 2018-жылдын 1-январында күчүнө кирмек. Ага ылайык мамлекет тарабынан жаңы төрөлгөн балага 4000 сом берилмек, андан сырткары 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 700 сомдон төлөнмөк.

Депутат Акылбек Жапаров 4000 сомдон пособиени калтыралы да, 700 сомду коё туралы дейт. Бул мыйзамды кайра артка тартып, жакшылап иштеп чыкпаса казынада акча жок экен. Эми бул мыйзам төрага Дастан Жумабековдуку болчу. Чын эле мыйзам долбоору ойдогудай болобу же бул кирешени  үй-бүлөлүк бюджетке киргизип алгандар томсоруп калабы аны парламент чечет.

Ошентип 15-декабрь да өттү.

Количество просмотров: 45