Кыргызстандын аймагында 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18,
Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкек шаарында 18-мартта түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын табы борбордо түнкүсүн 10…12°, күндүз 16…18° градус болот.