Эртең, 18-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдордо муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2,
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +3…+8,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…-5,
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,
Бишкек шаарында түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…-2 градус суук болот.