• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

18-январь. Күндүн ыргагы. Кримтөбөлгөргө боштондук… Бүт ишкерлер бириккиле!

18 Үчтүн айы 2018 20:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2018. Govori.Tv

Бүгүнкү күн, кеч кечте болуп өткөн криминал аралашкан окуя менен башталды. Тагыраагы, 2016-жылы “адам өмүрүнө кол салуу”, “мыйзамсыз курал жарак сактоо” жана “бейбаштык” беренелери менен үстүнөн кылмыш иши козголгон уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоо турган Чыңгыз Жумагуловдун абактан мөөнтүнөн мурда чыгуусу кыргыз коомунда чоң чуу жаратты. Көрсө, былтыр ушул маалда Жогорку сот тарабынан 7 жылга эркинен ажыратылган “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар бул кылмышкерди Ленин райондук соту мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгарган чечимди ушул жылдын 16-январында чыгарган экен. Кызыгы, соттун чечиминин аткаруу мөөнөтү да аябай эртелетилип, эртеси эле Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматы тарабынан Чыңгыз Жумагулов эркиндикке чыгыптыр. Алгач чагылгандай тез болгон, кудум эле баягы кримттөбөл Азиз Батукаевди бошотуу операциясына окшогон окуяга коомчулук катуу кыжырданып, Жогорку Соттун чечими кантип райсот бузуп, бошотуп жиберээрине түшүнө албай турду. Социалдык тармактарда катуу талкуу болуп, маалымат агенттиктери да жапырт жооп издей башташты эле, ЖАМКнын маалымат-кызматы кечке жуук билдирүү таратты. Анда белгилүү болгондой, Чыңгыз Жумагуловдун камакка алынгандан сот өкүмү чыкканга чейинки ар бир күнү үч күн деп эсептелип, мөөнөтүнөн мурда бошоо укугуна жакындатыптыр. Аны жакшы билип алганбы, бул кылмышкер да абакта абдан маданияттуу,  ашкере тартиптүү болуп, үлгүлүү жүрүм-туруму менен мунапыска илинип калыптыр. Болду, мыйзамда жылчык тургандан кийин эмнеге абакта жата бериши керек?! Эшикти тарс жаап, абактан чыгып кетиптир.

Бирок, бул жерде сөссүз бир коррупциялык  жашыруун макулдашуулар болгонун айрымдар белгилешет. Айталы, ИИМдин мурдагы министри Мелис Турганбаев бул сот системасынын көзөмөлсүз калышынын кесепети деп эсептеп, “Жогорку Сот өкүм чыгарса, райондук сот бошотуп жибергени эмне деген баш-аламандык? Соттор уюшкан кылмыштуу топторду жем жеген акырга айландырып алышты, мындай кылмышкерлерди бошотуу 20дан 50 миң долларга чейин жетет деген маалыматтар бар. Демек, сот кызматкерлерин кысыш керек”,-деген оюн билдирген.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы өкүлү, белгилүү юрист Клара Сооронкулова бул коомчулукка билинген бир эле факты экенин, соттор мындай чечимдерди көп эле адамдарга чыгарып, коррупциялык аракеттерди жасап келишээрин  Govori.Tvга билдирди. “Албетте, азыр криминалдык топтордун мүчөлөрүн соттоодо  кылмыштарынын ичинен эң жеңил беренелери менен соттоп коюу, андан кийин мөөнөтүнөн эрте же мунапыска же денсоолугуна байланыштуу деп бошотуп жиберүү сот системасында практикаланып калган, терс көрүнүш. Бул жерде сөссүз коррупциялык элемент бар. Мыйзамдагы мындай жол берген беренелер турганда, аны негиз кылып алып бошото беришет”,-дейт ал.

Милиция бергенче караларга берген оңбу?

Күндүн дагы бир темасы кечээ кечте “Азаттыкка” чыккан Ысыккөлдүн Бостери айылындагы жыл башында өрттөнүп кеткен “Осьминог” ресторанынын ээсинин айтканы болду. Сөз кадырын түшүнгөн кишиги анын айткандары Өкмөттүн, анын ичинде ИИМдин жетекчилигин уялтып жерге киргизгидей эле болду. Ал “мура кылмыштуу топтордун мүчөлөрү мага мыйзамсыз салык катары 500 доллар бересиң деп опузалашкан. Мен муну милицияга билдирип, ошол 500 долларды берип жаткан жеримен кылмышкерлерди карматкан болчумун. Анан эле аз өтпөй, алар эркиндикке чыгып кетишти, аягында менин ресторанымды өрттөп кетишти. А мен болсо милициядан баягы далил зат 500 долларды сурасам,  аны жок кылып коюшуптур. Анан мен ойлоп калдым, милицияга бергенче караларга берсем болмок экен…”,-деп үшкүрүнгөн ресторандын ээси Аскат Асанкадыров.

Чындап эле бул боюнча бүгүн көп сөз болду. ИИМдин маалымат катчысы болсо бул акчанын дайынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгын кызматкерлеринен тактап жатканын билдирди.

Оштон каракталган 15 млн. сомдун 5 млн. сому гана табылды

ИИМдин маалымат кызматы 18-январда Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда 31 жаштагы ишкердин үйүн курал колдонуп карактагандарды дагы эле издеп жатканын, алардын изине түшкөнү айтты. Бул боюнча, укук коргоочулар эки шектүү жаранды кармап, тергөө камагына алышкан. Аларды кармаган учурда жандарынан  4 млн. сомдон ашык далил зат чыгып, бирок, калган каражатты кылмышкерлердин өнөкөрү алып из жашырганы маалым.

Жалпысынан ишкердин үйүнөн 14 млн. сом, 10 миң доллар жана 560 миң рубль болгон.  Ушинтип эле каражаты барлардын үйүн карактап кете берсе, келечегибиз кандай болоор экен. Жаңы жылдан бери эле бул өңдүү онго чукул кылмыш катталды…

Өзбек боордошторубузга көңүл айтабыз…

Бүгүн коңшубуз өзбек эли үчүн кайгылуу окуя болуп өттү. Эртең менен Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чимкент автожолунда жүргүнчү ташыган ”Икарус” автобусу өрттөнүп, кеминде 52 киши каза тапкан. Алардын баары Өзбекстандын жарандары болгон. Казакстандын Чукул кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, кырсык болгон учурда транспортто 57 киши бараткан. Аман калгандардын экөө казакстандык айдоочулар, калгандары өзбек жарандары экени аныкталды. Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Чимкенттен Орусияга баратыптыр.

Мындай учурда коңшубузду колтуктан жөлөбөсөк болмокпу. Президент Сооронбай Жээнбеков боордош жарандарыбыздын каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Жолдонгон телеграммада бул окуя орду толгус жоготуу экени, кыргыз эли каза болгондордун туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшөөрү жазылган.

Кыргыз тилги күйгөн түрк тууган

 

Күндүн дагы бир кызыктуу окуясы “Фейсбук” социалдык тармагына жарыяланган Бишкектин жакасындагы Чуңкурчак кышкы эс алуу жайындагы окуя болду. Анда түркиялык турист менен кышкы эс алуу жайдын жетекчилиги аларды кыргыз тилинде тейлебей жатканына нааразы болгон. Огуз Доган кыргызча кызмат көрсөтүүнү талап кылып, эки тарап кыйла келише алган эмес. Чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга келип, кыргыз тилине күйүп-бышып жатса, биздин эл өкүлдөрүбүз кыргызчаны кыйратпай, орусча сүйлөп, киши уялтууда.

Количество просмотров: 29