• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

19-декабрь. Күндүн ыргагы… Алтынга алмашкыс кадрлар же орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт. Де-жа-вю. Эми кезек НТСке жетти.

19 Бештин айы 2017 20:13 Бишкек Govori.TV

Бир бөйрөгүн сатса бир миллиондон кутулат,  дагы 8 бөйрөктү кайдан табат?

Алмазбек Атамбаев мен президент кезимде бир дагы журналистке кол салуу болгон жок, эч ким алтынчы кабаттан алыс ыргып кеткен жок деп көп айтты.  Анысы ырас. Бирок журналисттерге жана ММКларга миллиондогон сом айып пул салып салганы менен мурдагы эки президенттен ашып кетти окшойт.

Башында айып пулдун суммаларын көрүп, бул акчаны кайдан тапмак эле деп көпчүлүк олуттуу кабыл алган эмес. Атүгүл айыпкерлер дагы президенттин мөөнөтү бүтсө, кийинки президент эстүүрөк чыгаар деп үмүттөнүп жүрүшкөн.

Бирок андай болгон жок. Жогорку сот мурдагы соттордун өкүмүн күчүндө калтырып, эми сот аткаруучулар чындап эле 30 млн сомду өндүрүүгө киришти.

Айыпкерлер журналист Нарын Айып, Дина Маслова жана укук коргоочу Чолпон Жакупова. Алар деле соттун өкүмүн аткарууга макул болушуптур. Айлыгынын жарымына күн көрүп, жарымысын берип туралы дешкен экен. Бирок сот  аткаруучулар ага көнбөй, банктагы эсептердин баардыгын камака алып, эми 30 млн сомду таап бергиле деп жатышкан экен. Айласы куруган Нарын Айып журналисттерге маек берди.

Бирөөдөн сурап берип турайын десем, 9 млн сом бере турчу адам чыкчудай эмес дейт. Акыры бир бөйрөгүн сатайын деп сураштырса, 15 000 доллар эле болот экен. Нарын Айып жалгыз бөйрөк менен калганда деле 1 млн сом айыптан араң кутулат. Сот аткаруучулар болсо эмне кылсаң дагы таап бер деп кыстап жатышыптыр. Эгер ал акчаны таба албаса журналистер менен укук коргоочуга кылмыш иши козголуп, 1 жылдан эки жылга чейин кесилиши мүмкүн. Эми алар 2 жылда 30 млн таба алабызбы же отуруп келсекпи деп ойлонуп жатышыптыр.  Ошондо сөз эркиндиги эмне болот?

 

 Де жа вю. Эмки кезек НТСке келди

Бүгүн кечинде белгисиз адамдар телеканалдын имаратына кирип келип, сыртын милиция курчап алды. Эртең менен дагы эмес, күндүз дагы дагы эмес. Так күүгүм талашта кирип келишиптир. Нариман Түлеевдин имаратын таңга жуук кирип келип курчап алганын эске алсак,  сот аткаруучулар  “вампир” сыяктуу бүүрүл талаш иш кылышат окшойт.

Де жа вю. Бул нерсени түшүмдө көрдүмбү же мурда ушундай болгон беле деген сезим. Алыскы Акаевдин, Бакиевдин заманына барбай эле 4 мурдагы окуяны эстесек. Анда Өмүрбек Текебаев камалып “Сентябрь” телеканалы жабылган, эми Өмүрбек Бабановго кылмыш иши козголуп, анын НТС каналы камака алынганы турат.

 

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

Бир алтынга алмашкыс кадрлар болот, Акаевдин учурунда Жумалиев менен Акматалиев болсо, Бакиевдин учурунда Данияр Үсөнов менен Акылбек Жапаров. Бир кызматтан бир кызматка секирип эле, такыр жерге түшчү эмес.

Андай кадрлардан азыр дагы уучубуз кур эмес. Алардын бир Кубанычбек Кулматов. Башында 400 000 доллар берип Бажы кызматынын башчысы болгонун Бекназаров айтып чыккан. Анан эле Бишкек шаарына мэр болду, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна төрага, Улуттук банкка төрага, анан кайра барып эле Бажы кызматына бакыйып отуруп калды.

Ал эми Улуттук банкка болсо мурда ушул жерде төрага болгон, анан биринчи вице премеьр-министр, кайра вице-премьер-министр болгон Толкунбек Абдыгулов келатат. Марихуана эксеңер эле туризм өнүгөт деген идеяларды көтөргөн Толкунбек Абдыгулов башкы банкир болуп турганда 100 000 сомдон ашык айлык алам дечү.  Кайра келатканына караганда өкмөттүн 40 000 сом айлыгына алымсынбай койду окшойт.

 

Эми пай эмес, чай да жок

Украинанын жаранынан чай-пайга акча сураган кызматкердин өздүгү аныкталды. Беттешүүдө арыз жазган адам таанып жатса дагы, чек арачы күнөөсүн моюнуна албай танып жатыптыр. Аскерп прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөо башталды. Күнөоу далилденсе чек арачы кызматтан бошойт. Далилденбесе башка чек ара бөлүмүнө которулат экен.

Ошентип байкуш чек арачы чай-пай деп атып, чайга да ждетпей калганы калды окшойт.

 

Борбордук мечиттин оозун торгондор ачтырбай жатышат

Бишкектин чок ортосунда асман тиреген төрт мунара көтөрүлдү. Эми жакында ошол жерде борбордук мечит ачылат деп жатканбыз. Бирок мечит жакында ачылбайт экен. Себеби анын эшигинин алдына бирөө мурда эле  кафе салып алыптыр. Сатып алалы десе кожоюну 2 млн доллар сурап жаткан экен.

Бирөөнүн жеке менчигин эч ким тартып ала албайт. Кафе мурда болгон. Эми аны сүздүрүугө мыйзам жол бербейт. Ошондо өз мүлкүн коргогон жаран күнөөлүүбү же пландабай эле куруп салган муфтият күнөөлүбү?

 

Количество просмотров: 36