• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

19-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт

17 Аяк оона 202314:46 Бишкек Govori.TV

19-сентябрда саат 09:00дөн 22:00гө Бишкектин айрым көчөлөрүндө жана конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Мэриянын маалыматына караганда, Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү — темир жол, ошондой эле «Алтын Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» конуштарында убактылуу суу жок болот.

Ичүүчү суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 204