• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Быйылкы зекеттин баасы бекитилди

28 Жалган куран 2022 9:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы орозону утурлай быйылкы зекеттин көлөмүн бекитти. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Муфтияттын эсебинде, мусулмандардан жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат жана бул каражат муктаждарга жана диний керектөөлөргө жумшалат.

Уйдун зекети

Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет. Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети

Ар бир мусулман пенденин  майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо  1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети

Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 (он) төөгө жетип калса 2 кой ж.б

Жылкынын зекети

Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар  жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Количество просмотров: 202