Бишкек. 28.04.2018. Govori.TV.
1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, 1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.
2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге, 2-майда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ал эми, 29-апрелде өлкө аймагында +31 градуска чейин күн ысыйт. Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +10…+12 градус, күндүз +29…+31 градус болот.
Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31 градус болот.