• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

2-6-январларда өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы (Божомол)

1 Үчтүн айы 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

2-январда жана 3-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.


3-январда күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.


4-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.


5-январда түнкүсүн кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-январда күндүз жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-январда күндүз Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.


7-8-декабрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

7-8-январларда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Количество просмотров: 68