• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өлкөдөн чыгуунун алдында карыз бар-жогун текшериңиз

20 Үчтүн айы 202513:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку Сотко караштуу Сот департаменти жарандарды өлкөдөн чыгуунун алдында чектөөлөр бар же жок экенин текшерүүгө чакырат.

Басма сөз кызматы кабарлагандай, эгерде адам карызын сот аткаруучулар аркылуу төлөбөсө, ага карата чектөө чаралары, анын ичинде өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн экенин белгилейт.

Кыргызстандан чыгууга тыюу салуу ар кандай себептерден улам, анын ичинде айыптар боюнча карыздар, алимент, кредит же салык боюнча карыздар боюнча киргизилиши мүмкүн.

Текшерүү үчүн шилтеме боюнча өтүңүз: http://suddep.sot.kg.

«Карызкордун ПИН» талаасына өзүңүздүн ИННди (паспорттун арткы бетиндеги 14 орундуу номерди) киргизиңиз.

  • «Мен робот эмесмин» деген кутучаны белгилеңиз.
  • «Издөө» баскычын басыңыз.
  • Жыйынтыгын алыңыз.

Ошондой эле аталган сервис «Түндүк» порталы менен интеграцияланган (www.portal.tunduk.kg), карыз жөнүндө толук маалыматты андагы жеке кабинеттен да билсе болот.

Мындан сырткары, «Мбанк» мобилдик тиркемесинде карыз абалын текшерүү мүмкүнчүлүгү бар.

Сот департаментинин Кыргыз Республикасынан убактылуу чектелген адамдарды борборлоштуруп иштеп чыгуу бөлүмү Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү ыкчам алып салуу максатында күнү-түнү нөөмөт жүргүп келет.

Убактылуу чектөөлөрдү шашылыш алып салуу боюнча кырдаалдар келип чыккан учурларда төмөнкү телефон номерине чалуу аркылуу кайрылуу зарыл.

Телефон: 0312-25-01-54 (күнү-түнү иштейт).

Количество просмотров: 398