• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

2 адамды өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды

26 Бирдин айы 202517:42 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 1991-жылы туулган Казакстандын жараны А.Р.А. болгон.

Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоодо (эки кишини өлтүрүү) айыпталууда.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам А.Р.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Ал 24-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Количество просмотров: 142