Кыргызстанда 2-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Тоо этектеринде жана тоолуу унаа жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7;
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз +5…+7 жылуу болот.